Оштук түгөйлөр үлпөт сейилине КамАЗ менен чыгышты

Ошто Самат Айтиев менен Орозайым Назарбаева үйлөнүү тоюн өзгөчө өткөрдү. Түгөйлөр үлпөт сейилине КамАЗдардан турган кортежде чыгышты. 

Күйөө бала Самат Айтиев оор жүк ташуучу унаа айдайт. Кесиптеш достору ЗАГСка КамАЗ менен чыгуу идеясын башында тамаша иретинде талкуулашкан. Элдеше кеткен жигиттер акыркы өзгөчө той өткөрүүнү колдоп, жүк ташуучу унаалар менен үлпөт сейилине чыкты.

Эмне дейбиз? Эки жаштын эмки турмушу да өзгөчө болсун!

Кыргызстандык жубайлар салттуу кортеждердин ордуна КамАЗ, трактордо чыккан учурлар буга чейин да болуп келген. Акыркы кездери жаштар кичи автобус, автобус сыяктуу унаалар менен ЗАГСка чыга баштады.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика