Шашылыш билдирүү! Кар жаап, үшүк жүрөт

Бүгүн, 14-октябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3 градус төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу унаа жолдор менен сапарга чыгууда, сөзсүз түрдө автоунаанын дөңгөлөгүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну эскертет!

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика