Сот Каныбек Осмоналиевге карата өкүм чыгарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы билим берүү министри, экс депутат Каныбек Осмоналиев актады.

Мындай чечим бүгүн, 15-октябрда өткөн соттук отурумда кабыл алынды.

Анда Осмоналиевге коюлган айыптар боюнча далил табылбаганы маалым болуп, анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазган тил каты жокко чыгарылды.

Буга чейин Башкы прокуратура Каныбек Осмоналиевди үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

Каныбек Осмоналиев 2014-жылы Кыргыз-орус Славян университетине 27 студентти мыйзамсыз кабыл алган деп айып негиз болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика