Социалдык өнүктүрүү министрлигине эң көп даттануу жөлөк пул боюнча түшкөн

Жыл башынан бери эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жарандардан 1135 арыз жана даттануу келип түшкөн.

Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кайрылгандардын көпчүлүгү жөлөк пул, жеңилдик берүү, материалдык жардам көрсөтүү жаатындагы даттанышкан.

Алардын көпчүлүгү Бишкек шаары, Чүй жана Нарын облусунун тургундары.

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчиси үч орун басары менен кызматынан кеткен. Учурда мекемени статс-катчы Каныбек Адиев жетектөөдө.

Сентябрь айынын соңунда министрдин орун басары Зууркан Каденова Сеулдагы учак жаңжалынан кийин кызматынан алынган. Бул чырдын арты менен министр Таалайгүл Исакунова, орун басарлары чет өлкөгө уруксатсыз барганы, диппаспортторду жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп келгени ашкере болгон.

Тогуз айда министр, министрдин үч орун басары 26 ирет чет өлкөгө сапарга чыкканын башкы прокуратура аныктаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика