«Жашыл экономика» жумалыгы башталды

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта жашыл экономика жумалыгы башталды.

Өнөктүк 21-сентябрга чейин уланып, анын алкагында талкуулар, семинар, окутуу иш-чаралары өтөт.

Аны Экономика, айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Бириккен улуттар уюму, жана «БизЭксперт» аналитикалык борбору биргеликте уюштурууда.

Жумалыктын биринчи күнүндө  жерди туура иштетүүгө арналган семинар болмокчу.

Жашыл экономика – жаратылышка эч кандай зыян келтирбей туруп, табият ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу тартибинде ишке ашат.

Жумалык Кыргызстанда бринчи жолу уюштуруп жатат.

Сүрөт: “Азаттык”

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика