Жылуулук качан берилери белгилүү болду

Борбор калаадагы көп кабаттууу үйлөргө эки күндөн кийин жылуулук берилиши мүмкүн.

Бул алдыдагы эки күн ичинде аба ырайына байланыштуу деп билдирди Бишкек жылуулук ишканасынан.

«Аба ырайын байкап турабыз. Эгерде абанын температурасы төмөндөп кетсе, 17-октябрь күнү жылуулук берүү тууралуу чечим кабыл алабыз. Жылуулук берүүгө мекеме толугу менен даяр»,-деп ишендиришти мекемеден.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы күндөрү жаан карга айланып, айрым аймактарда үшүк жүрөрүн алдын-ала маалымдаган болчу.

Өткөн жылы жылуулук 17-октябрда берилген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика