1,8 млн сом. А.Макаренко мектеби ата-энелерден топтолгон акчаны кайда иштетет?

Ош шаарындагы А.Макаренко мектебинде ата-энелер фондуна деп ар бир баладан 500 сомдон жыйналат. Ошондо 3700 окуучусу бар окуу жай 1 млн 800 миң сомдон ашык акчаны кайда иштетет? Ушундай суроо салган постту Фейсбук колдонуучусу, журналист Эрмек Муратбек уулу жарыялады.

Колдонуучу А.Макаренко мектебиндеги 2-Д класстын ата-энелеринин WhatsApp тайпада жазышкан билдирүүлөрүн скриншот кылып жарыялаган.

Сүрөттү карасак, мектеп фондуна 450 сом, 70 сом коргоо кызматына, 30 сомдон ажатканага жыйналганын түшүнүүгө болот. Белекке деп 200 сом,  фонддон сырткары эжекеге жыл аягына чейин 639 сом берилиши  керектиги жазылган.

А.Макаренко мектебинин 2-Д классындагы ата-энелердин WhatsApp тайпада жазышканы

“Ошондо 3700 окуучу 500сомдон берсе 1 850 000 сом болуп кетет. Бул мыйзамга туура келеби? Тиешелүү кызматтар эмне дейт?” – деп суроо Эрмек Муратбек уулу.

Постко комментарий калтыргандардын көпчүлүгү А.Макаренко мектебиндеги акча жыйнамайга, директордун ишине нааразы болгон. Асылбек Жээнбеков деген колдонуучу болсо жыйнамайлар үчүн банкка 950 сом төккөнүн жазды. Дагы бирөө мындай көрүнүштөн тажап, баласын башка мектепке которгонун айтса, Умида Мирзобаева аттуу колдонуучу акча жыйнамай өзгөчө орус тилдүү мектептерде күч экенин билдирди.

А.Макаренко мектебинин директору Акылбек Ташбаев болсо ата-энелер фондунун ишине кирише албай турганын айтат. Бирок нааразылык жаратчу көрүнүштөр бар экенин моюндайт.

Директор тактап өткөндөй, мектепте 3700 эмес, 3370 окуучу билим алат. Ата-энелер конференциясында өз ара макулдашып, камкордук кеңеши жыйымды 400 сом деп бекиткен.

“Мен бул ишке такыр кийлигишпейм, акым да жок. 400 сом деп фондго бекитишкен. 70 сом коргоо кызматына, 30 сом ажаткана деген акчаны өзүнчө сүйлөшүп чечишкенбиз. 1,5 миң балага ылайык ажатканада эки эсе көп бала барган үчүн сырттан жумушчу жалдаганбыз. Анын айлыгын ата-энелер төлөшөт. Мунун жашыра турган жери жок”, – дейт Ташбаев. 

Ал кошумчалагандай, ата-энелер фондунун акчасы түз банкка которулат. Мектеп муктаждыгы жаралганда директор камкордук кеңешке арыз менен кайрылып, акча алат. Баса, аялуу катмардагы 670 бала мектеп жыйымдарынан толук бошотулуптур.

“Ата-энелердин да айыбы бар. Чогулуш болгондо 50дөн ашык адамдан 15ке жетпегени келет. Акча жыймай  маселелери  ошол 15 ата-эненин добушу менен чечилип калат да, келбегендер нааразы болушат”, – дейт директор.

Акылбек Ташбаев өзү жетектеген мектепте ата-энелер фондунан сырткары да ар кандай топтомойлор бар экенин небереси быйыл 1-класска барганда билген.

“Өзүм билбей жүрүпмүн. Неберемди быйыл 1-класска алып келдим. Ата-энелер комитетинин төрагасы жаш жигит экен. Ал мектеп фондунан сырткары ата-энелер фондуна деп 150 сомдон чогултуларын айтты. Ошол акчаны мугалимдерге белек-бечкекке иштетишет экен. Эми бул акчаны нааразы болуп бергендер көп”, – дейт Ташбаев.

Ата-энелер фондуна деп жыйылган акчанын бир бөлүгүн директор өз чөнтөгүнө алат деген маалыматты Ташбаев төгүндөдү. Акча банкка которуларын, ал жактан негизсиз тыйын ала албай турганын жана ата-энелерге отчет да берилерин кошумчалады.

Мектептерде акча топтоо көрүнүшүнө бүт өлкө боюнча нааразылыктар айтылып келет.

2006-жылга чейин өкмөт токтому менен шаардык мектептерде 150 сомдон, айылдарда 100 сомдон чогултууга уруксат берилген. Бирок Конституциядагы акысыз билим тууралуу жобого ылайык, 12 жыл мурун өкмөт токтому жокко чыгарылган. Бирок камкордук кеңеши, коомдук бирикмелер тууралуу мыйзамдар ата-энелердин акча жыйнашына жол берет. Көңүл бурчу жагдай – эч кимди мажбурлаганга болбойт. Деген менен мектептерде каражат жыйноо эркин деп айтууга болбойт. Көпчүлүк ата-энелер башка ата-энелердин же мугалимдин басымы менен ар кандай жыйымдарга аргасыз макул болушат.

Азыр камкордук кеңештеринен мектептерге канча каражат чогулары тууралуу так маалымат жок. Эльвира Сариева вице-премьер-министр болуп турганда жылына ата-энелердин бейрасмий жыйымдарынан 1 млрд сомдон ашык чогуларын айткан жайы бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of