Аба ырайы: жаан жаап, карга айланат

Бүгүн, 16-октбрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат.

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, үшүктүн жүрүшү уланат.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…+5, Таласта +9…+14 градусболот. Ысык-Көл менен Нарын өрөөнүндө +8…+13 болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте +5…+7, ал эми Ош шаарында +10…+12 градус болушу болжолдонууда.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүу таратып, абанын температурасы томөндөп, үшүк жүрөрүн эскерткен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика