Алтындан беле кеңеши? Дыйкандарга делген гранттын 5 млн евросу консультанттарга кетет

0

Эл аралык донорлордон айыл чарба жаатындагы орто жана чакан ишкердикке 39 млн евро бөлүнөт. Каржы келишимдеринин долбоорун бүгүн, 15-октябрда ЖК комитети жактырды. Бирок эл өкүлдөрүн келе турган гранттын 15%ы же 5 млн евросу консультациялык кызматтарга сарпталары нааразы кылды.

39 млн евро кайдан келет?

– 9 млн евро грант түрүндө Германия  өнүктүрүү банкынан (KFW). Бүгүнкү күндө долбоор ишке ашырылып жатат;

– 22 млн евро кредиттик каражат Европа инвестициялык банкынан (ЕИБ) (кредиттин шарттары: 12 жылга берилет, жеңилдетилген мөөнөт 3 жыл, Еврибор пайыздык ставкасын кошуу ЕИБ маржасы);

– 5 млн евро Европа Союзунун Борбор Азия үчүн Инвестициялык фонд тарабынан кош каржылоо гранттык каражаттары;

– 3 млн щвейцария франкы Экономикалык кызматташтык боюнча Швейцария мамлекеттик Катчылыгынын гранттык каражаттары.

Талкууда комитет мүчөлөрү 39 млн евронун 5 млн евросу эле (13-15%) консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө жумшаларын, бул сумма өтө жогору экендигин сынга алышты.

“Эл өкүлдөрү кредиттик насыялар банктарга берилсе, банк кызматкерлери дыйкандардын долбоорлоруна ылайык кредит берсе, эми ага үчүнчү жак катары консультанттардын кандай зарылчылыгы бар деген маселени коюшту”, -деп айтылат ЖК басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Талкуунун жыйынтыгында тараптар менен сүйлөшүүлөргө кимдер катышкандыгын жана мындай өтө кымбат сумманын консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө багытталышына эмнеге макулдук берилгендигин тактап берүүнү талап кылышты.

Ошону менен катар бул маселе сессияга чыкканда талкууга «Айылбанк», РСК банктарынын өкүлдөрүнүн катышуусун депутаттар эскертти.

Жыйынтыгында комитет ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимн кабыл алынды.

Сүрөт: Pixabay

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of