Чыңгыз Айдарбеков ТИМдин башчысы болобу?

Премьер-министр тышкы иштер министрлигинин башчылыгына Чыңгыз Айдарбековду сунуштап жатат.

Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Чыңгыз Айдарбеков эл аралык байланыштар, юриспруденция адистигинде билим алган. Буга чейин тышкы иштер министрлигинде атташе, катчы, бөлүм башчысы болуп иштеген. Андан кийин Кыргызстандын Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтеринде убактылуу ишенимдүү өкүл, кеңешчи болуп да иштеген. Кийинки жылдары президенттик аппараттын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин аппаратында протокол бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.

Соңку эки жылдан бери Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматын аркалоодо.

Жашы 41де.

Мыйзамга ылайык, өкмөт мүчөсү иштен кеткен учурда премьер-министр жаңы талапкерди парламентке сунуштайт. Парламент депутаттарынын чечиминен кийин президент дайындоо тууралуу жарлыкка кол коет.

Мурдагы министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of