Футбол: Бүгүн Кыргызстан Малайзия менен беттешет

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы

Оюн Малайзиянын Малакка шаарындагы “Ханг Джебат” стадионунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча 18.45те башталат. Беттеште Малайзия ак, Кыргызстан кызыл түстөгү формасы ойнойт.

Улуттук курама команда кезектеги окутуу-машыгууларын өткөрүү үчүн Малайзияга 9-октябрь күнү учуп келген. Кечээ күнү “JDT II” командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп 6:0 эсебинде уткан.

Эскерте кетсек, Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия чемпионатына катышуу укугун алган. Чемпионат 2019-жылдын 5-январында Бириккен Арап Эмиратында башталат. Кыргызстан “С” тобунда Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен беттешет.

Кыргызстан футболчуларынын баасы боюнча материалды бул жерден окусаңыз болот. Инфографика: Кыргызстан футболчуларынын жалпы баасы төрт жылда эки эсеге жогорулады

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of