Көр саткандарга карата кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы шаардагы түштүк-батыш көрүстөнүнөн жерлер мыйзамсыз сатылганы боюнча кылмыш ишин козгогонун башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Кубатова билдирди.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча “Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолго таандык жер участокторун жарандарга жең ичинен берип коюшкан.

Текшерүү учурунда бул жерлерде сөөк көмүлбөгөнү аныкталган.

Буга байланыштуу тиешелүү кызматкерлерге кылмыш жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “алдамчылык” жана “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүргүзүү үчүн материалдар тийиштүү органдарга жиберилди.

Ушул жылдын май айында иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев борбор калаанын түштүк-батыш тарабында жайгашкан көрүстөндөгү коррупциялык схемаларды ачыктап чыккан эле.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of