Ката кеткен китептерди басмакана кайрадан чыгармай болду

5-6-класстын окуучулары үчүн «География» жана «Естествознание» китептерин “Билим компьютер” басмаканасы каталарын оңдоо менен кайрадан басып чыгара турган болду.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева аталган басмакананын жетекчилери менен жолугушууда ушундай чечимге келишкенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Басмакана эми китептерди орус тилине которуудагы редакторлук жана корректорлук каталарды моюнга алуу менен, түзөтүүлөрдү киргизип, өз каражатынын эсебинен басып чыгарат.

Буга чейин министрлик басмакананы сотко берүүгө ниеттенип жатканы кабарланган.

Китеп 43 миң 700 нуска менен жарык көрүп, анда кеминде миңден ашуун орфографиялык жана пунктуациялык ката кеткен.

Бул окуу куралы Дүйнөлүк банк тарабынан берилген гранттын негизинде басылып чыккан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика