Музыкалык окуу жайды өрт чалды

0

Ош шаарындагы Ниязалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, тилсиз жоо 16-октябрь күнү саат 01:00 чамасында болгон.

Өрттү өчүрүүгө саат 01:01де ӨКМдин Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 01:05те кошумча 1 бөлүм, саат 01:10до үчүнчү бөлүм келген. Жалынды өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 01:29да чектөөгө алынып, саат 02:42де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of