Нурбаев: Чиновниктерди кыскартып, мугалимдердин айлыгын көтөрүү керек

Депутаты Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңештин ар түрдүү маселелер саатында “Коопсуз шаар” долбоорун 6 жылдан бери ишке ашыра албай жатат деп өкмөттүн өкүлүн сынга алды.

“2012-жылдан бери жети жолу тендер өтүп, жетинчи жолу ишке ашпай жатат. Ушундай өкмөттүн бизге кереги барбы? Коңшу мамлекеттер киргизип, колдонуп жатышат. Уят!”, – деди депутат.

Эл өкүлү ошондой эле мугалимдердин айлыгы боюнча сөз сүйлөп, өкмөт аппаратын, министрликтерди кыскартуу менен агартуучулардын маянасын көтөрүү керек деген сунуш киргизди. Мугалимдердин айлыгын көтөрүү эске алынбаса, эмки жылдын бюджетин кабыл албашыбыз керек деди депутат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of