Япония Ош-Бишкек жолундагы кар көчкүдөн сактанууга жардам берет

0

Долбоордун келишимине Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Япониянын «Dai Nippon Construction» компаниясы кол коюшту.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Япониянын грантынын эсебинен ишке ашырылмакчы.

Каражаттын эсебинен Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн сактоочу түркүктөрдү орнотуу жана алардын эки тарабына кирме жолдордун курулуусу каралган.

Өзгөчө кыш мезгилинде Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүп, адам өмүрүнө зыян алып келген окуялар көп катталат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of