Жаңы төрөлгөн ымыркай комадагы энесине “жан киргизди”

Амманда да Сильва/Maternidade-Escola Assis Chateubriand

Бразилияда төрөттөн кийин комага түшкөн аял ымыркайына денеси тийгенде өзүнө келди. Ага чейин дарыгерлердин эч бир аракети жардам бербей жаткан деп жазды Daily Mail.

28 жаштагы Амманда де Сильва ай-күнү жакындап калганда  талмасы кармап, ооруканага түшөт. Дарыгерлер аялдын оорусу дагы тутуп калса, эне-бала өлүп калышы мүмкүн деген жүйөө менен тез арада операция жасашат. Бирок аялдын абалы оорлошуп, жасалма комага жайгаштырышат.

Бир нече күндөн кийин эненин өмүрүнө эч кандай коркунуч жок деген корутунду чыгарылат. Да Сильвага тынчтандыруучу үкөлдөрдү берүү токтотулат. Бирок аял өзүнө келбей койгон.

Ак халатчандардын эч бир аракети майнапсыз болгондо, ошол жердеги медайым энеге ымыркайын карматып көрүүнү сунуштайт. Наристесин бооруна койгондо эс-учун билбей жаткан аялдын жүрөк согушу тездеп, көзүнөн жаш ага баштаган. Ушундан кийин Амманданын абалы улам жакшырып отуруп, 20 күндө ооруканадан чыкты.

“Мындай бат өзгөрүүнү биз таптакыр күткөн эмес. Медиктердин баары сүйүнгөнүнөн ыйлап жатты”, – дейт медайым.

Медайым аялдын организминин мындай реакциясын түшүндүрүп бере албайт. Бирок ал эне менен баланын байланыш күчүн баалабай коюга болбойт дейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика