Жайкы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Тизме

Президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарында ийгиликке жетишкен спортсмендерди, аларды даярдаган машыктыруучуларды, жалпы эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарды сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык  төмөндөкү спорт чеберлери «Даңк» медалы менен сыйланды:

Багынбай уулу Төрөкан — джиу-джитсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Жолчубеков Каныбек Байбекович — грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Маслова Дарья Владимировна — жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Мусаев Магомед Саварбекович — эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү;

Тыныбекова Айсулуу Болотовна — аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наамы менен Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүнүн функционалдык диагностика врачы Бактыгүл Алишева сыйланды.

«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамы менен

Арпачиев Канатбек Макенович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин ди⁠ректорунун орун басарын;

Ахметов Мейрамбек Джанилов — Ш. Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу;

Изабеков Нурбек Канатбекович — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;

Камчыбеков Токтосун — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы;

Мамбетов Ратбек Шабданбекович — Ш. Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу;

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен бир нече инсандар сыйланганын төмөнкү сайттан тааныша аласыз.

Азия оюндары быйыл 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өткөн. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан 22-орунду алды. Кыргызстандын курама командасы 20 медалга ээ болсо, аларды экөө алтын, алтоо күмүш, он экиси коло.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of