Жээнбеков Мадумаровду кабыл алды

Кадрлардын Улуттук резервин түзүү боюнча биринчи этап аягына чыкты. Бул жылы сынакка 715 адам катышып, тандоонун негизинде кадрлар резервине 35 адам өткөн. Анын ичинен экөө жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалды.

Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров бүгүн, 16-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчынын жарлыгы менен Мамлекеттик башкаруу академиясы Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өтүп, мамлекеттик органдардын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча милдеттери күчөтүлдү.

Акрам Мадумаров келерки жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардык категориялары, райондук жана облустук администрациялардын жетекчилери жана ошондой эле жогорку мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн окуу баштала турганын айтты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of