Аба ырайы: бүгүн да кар жаайт

Бүгүн, 17-октябрда республиканын көпчулүк аймагында кар жаайт.

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, тоолуу аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй жана Талас облустарында 0…+5 градус жылуу болот. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +2…+7 градус болору, ал эми Ысык-Көл менен Нарын райондорунда 0…+5 градус жылуу болору болжонууда.

Бишкек менен Ош шаарларында кар жаап, абанын температурасы Бишкекте +4 градуска чейин жылыса, Ошто +8 градуска чейин болот.

Кечээ түндөсү өлкө аймагында кар жаап, калыңдыгы 5 сантиметрге чейин жетти.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of