Аида Касымалиева: Жумуштан кеткен министр токтом чыгарып, адамдарды иштен алып жатат

Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.

Депутаттын айтымында кызматтан алынган мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жумуштан кеткен соң да ишке келип, токтомторду чыгарып, айрым адамдарды жумуштан алып жатат. Мындан сырткары түзүм быйыл 1 млрд 300 млн сомду жөлөкпулдардан үнөмдөп калганын текшерүүнү өкмөттүн өкүлүнө тапшырды.


Эскерте кетсек, буга чейин Таалайгүл Исакунова чет мамлекеттерге болгон сапар учурунда дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгону, премьер-министрдин уруксаты жок сапарга чыкканын башкы прокуратура тастыктаган. Президент экс-министрди 11-октябрда жумуштан алган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика