Бишкекке 3-4 күндө жылуулук толук берилет

0

Бишкек шаарына жылуулук берилсин деген буйрукка бүгүн, 17-октябрда мэр Азиз Суракматов кол койду.

Ушул сааттан тарта жылуулук жеткирүү ишканалары жабдууларды даярдап, сууну ысытууга киришет.

“Үйлөргө жылуулук толук кандуу жеткенче 3-4 күн убакыт керек”, – деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Алгач жылуулукту оорукана, бала бакча, мектеп сыяктуу социалдык мекемелер алат.

Норма боюнча сырттагы суук беш күн катары менен 8 градустан төмөн болсо, жылуулук берүү башталат.

Кыргызстандын аймагында аба ырайы бир аптадан бери суук тартып, жаан карга айланды. Ушул тапта да бирин-серин кар себелеп турат.

Өткөн аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. Азыр Бишкекте абанын температурасы 0 градус болуп турат, кар жаап жатат.

Анткен менен синоптиктер келерки аптанын аба ырайынын алдын ала божомолун жарыялап, күн дээрлик жылуу болорун айтууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of