Дарыны кийим деп алып өтүп бараткан аткезчилик жүк колго түштү

0

“Манас” аба майданынан аткезчилик жол менен ташылып келинген ири көлөмдөгү дары-дармектер кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, дарылардын «Прегабалин («Лирика») аттуу партиясы кайсы бир жоопкерчилиги чектелген коомго (ЖЧК) таандык болуп, Түркиядан алынып келинген. Жалпы саны 170 даана болуп, салмагы 115 килону түзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча аткезчилик жол менен ташылган жүктүн жалпы баасы 25 млн. сомду түзөт. Дары-дармек трикотаж кийим делинип жазылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда аткезчилик жол менен ташылган товарды ташууга катыштыгы барлардын баарын аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Жогорудагы дары-дармек эпилепсияга каршы колдонулат. Көбүнчө нерв оорулары, тынчсызданган абалдагы бейтаптар колдонот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of