Депутаттын таанышы 5 күнгө камалды

Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлардын биринде кыргыз аялдарына сес көрсөтүп «депутатка чалам» деп коркуткан кытайлык жаран 5 суткага камалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

15-октябрь күнү Фейсбук социалдык тармагында коомдук тамактануучу жайда отурган кыргыз аялдар менен кытай жаранынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, «Акырын болгула. Бул жер коомдук жай» деген эскертүүгө каяша иретинде «Депутатка чалам» деп депутат таанышы менен коркуткан видео жарыяланган.

Окуядан соң шаардык милиция борбор калаада жашаган 47 жаштагы кытай жаранын кармаган. Кармалган жарандын айтуусуна караганда, окуя 13-октябрда «Император» ресторанында болгон. Анда кытай жараны үй-бүлөсү менен жакыныны туулган күнүн белгилеген. Спирт ичимдигин ичип, бир топ кызып калган. Агасы экөө ырды катуу ырдап башташканда, жанаша столдо отурган кыргыз аялдарынын бири эскертүү берген.

Ал ортодо чатак ырбап кетпеши үчүн ресторан жетекчилиги аялдарды башка столго жылдырган.

Кытай жараны «депутатка чалам» деп коркутканын мойнуна алган.

Милиция кызматкерлери Административдик жоопкерчилик кодексинин 364-беренесине ылайык, чогулган материалды Биринчи Май райондук сотуна жиберген.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика