Хабиб Нурмагомедов UFC’де кала турган болду

0

Бул тууралуу уюмдун башчысы Дана Уайт “TMZ Sports” агенттигине интервью берип жатып билдирди. Анын айтымында тараптардын ортосундагы бардык маселелер чечилди.

Ошол эле учурда беттештен кийин чырга аралашкан Хабибдин командасындагы Зубайра Тухугов тууралуу Уайт сөз козгогон жок. Аны UFC’ден четтетүү боюнча буга чейин сөздөр чыккан.

Эскерте кетсек, октябрдын башында өткөн беттеште Хабиб Макгрегорду жеңген. Дагестандык спортчу беттештен кийин октогондон ашып түшүп, атааңдашынын командасындагы мушкерлер менен чырдашкан. UFC’нин башчысы окуя териштирилип бүткөнгө чейин Хабибдин гонарары тоңдурулаарын айткан. Өз кезегинде Хабиб UFC менен келишимин үзөөрүн жарыялаган эле.

Жакында эле америкалык рэпер 50 Cent Хабибдин Bellator’го өтүүсү үчүн 2 млн доллар сунуштаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of