Ипотекалык насыялоо үчүн жылдын аягына чейин 500 млн сом берилет

Бул тууралуу бүгүн, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу маселеси боюнча өткөн жумушчу кеңешмеде билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, ипотекалык программаны мындан аркы каржылоо максатында Өкмөт тарабынан 2018-жылдын аягына чейин кошумча 500 млн сом табылган.

«Бирок муктаждарды турак жай менен камсыздоо үчүн каражаттар дагы эле жетишсиз. Биз мындан ары да активдүү иштөөгө тийишпиз жана ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөрдү төмөндөтүү жана аны мындан дагы жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу үчүн ипотекалык насыялоо механизмдерин жакшыртуу боюнча милдеттерди алдыбызга коюбуз», – деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүү механизмдерин иштеп чыгууну, ошондой эле насыя алуучулар турак жайды сатып алган баанын өзүн төмөндөтүү боюнча таасирдүү чараларды иштеп чыгууга бардык кызыктар тараптар үчүе бир жумалык мөөнөт берди.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө чейин «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасы аркылуу 3,5 миң бүлө турак-жай менен камсыздалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of