Өкмөт башчы Эрлан Абдылдаев эмне үчүн иштен кеткенин түшүндүрдү

Эрлан Абдылдаевдин Тышкы иштер министрлигинен кетишине коомдо талкуу жараткан маселелер түрткү болду. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.

“Бирок ал коррупцияга малынды деп айта албайм. Себеби азыр териштирүү иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгын тиешелүү органдар айтышат. Экинчиден, ал киши моралдык жагын карады. Дипломат катары,тартипти көргөн мамлекеттик кызматкер катары өзү иштеп жаткан министрликте ушундай ушак-айыңдан, элчинин айткандарынан улам кетти деп ойлойм”, – деди Абулгазиев.

Өкмөт башчыдан Абдылдаевдин кызматтан кеткен себебин түшүндүрүп берүүнү депутат Рыскелди Момбеков сураган.

Эске салсак, мурдагы министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Коопсуздук кеңеш ТИМ менен элчи Кылычбектин тирешин текшерип, министрлик кадр тандоодо калпыстыктарды кетирип, элчиликтеги мыйзам бузууларга убагында бейтарап реакция жасаган эмес деген бүтүмүн президентке жиберген.

Баса, Момбеков Абдылдаевдин кызматтан кетүү себебинен сырткары жаңы министрдин тек-жайына кызыкты. Бул маселени экөө өзүнчө сүйлөшүп алмай болду. Видеону көрүнүз.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика