Ош: борбордук базарда этнокөчө курулат

Ош шаарынын борбордук базарында этно көчө куруу боюнча жумуш башталат.

Долбоор боюнча калаа мэри Таалайбек Сарыбашов жергиликтүү жетекчилер менен жолугушуу өткөрдү. Ал этно көчөнү куруу тапшырмасын берди.

Мэрдин пикиринде, шаардын туризм тармагын жакшыртууда бул ишти жүзөгө ашыруу зарыл жана милдеттүү иш-аракет.

Узак тарыхы бар калаанын борбордук базарына этно айыл түзүү боюнча иштерди баштоо зарыл. Бул иш бир күндүк эмес, пландуу, оор, ошол эле учурда жасоого милдеттүү. Борбордук базардын ичинде этно көчө курулуп, ал жерге келген ар бир турист элибиздин бай тарыхы, көөнө маданияты менен тааныша алат. Бул жерде эң ириде соода түйүндөрүн, дүкөн, коомдук тамактануучу жайларды иретке келтирип, оңдоо керек. Алардын баары улуттук стилде болушу керек. Ошондой эле жол, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол чийиндери табигый материалдар менен этно стилде жасалгаланышы керек”,-деп белгиледи калаа башчысы Сарыбашов.

Ош шаарынын борбордук базарынын башкы бөлүгү кол өнөрчүлөрдүн базары катары белгилүү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика