Ошко жаңы вице-мэр келди

Жасур Азимов Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Буйрукка бүгүн, 17-октябрда Таалайбек Сарыбашев кол койду. 

Жасур Азимов Ош шаарынын курулуш жана муниципалдык менчик тармагын тескейт.

Жаңы вице-мэр Кыргыз-өзбек университетинде кафедра башчысы катары иштеген. Ал шаардык кеңештин депутаты болуп турган.

Буга чейин курулуш тармагын караган вице-мэр Шакир Зулимов өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика