Ошто эркин күрөш боюнча VII эл аралык турнир башталды

Бүгүн, 17-октябрда Ош шаарында VII эл аралык эркин күрөш боюнча турнир башталды.  

“Динамо” спорт клубунда өтүп башталган мелдеш СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед, Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мелдештин расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, Абитовдордун жакындары жана спортчулар катышты.

Турнирде Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстан,Тажикстан жана Россиядан келген 400гө жакын спортчулар 14 салмактык категорияда күч сынашууда.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика