Өткөн суткада өрттөн эки адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Кечээ саат 16:30дар чамасында Бишкек шаарындагы “АБК-Берекет” ишканасында өрт чыкты. Элүү беш жаштагы кароолчу түтүнгө ууланып, мерт кетти деп билдиришти ӨКМден.

Жалын кароолчунун эс алуу бөлмөсүндө тутанган. Кийим-кече, килем, жыгач терезе күйгөн. Өрткө электр жабдууларын куроодо эреже сакталбаганы себеп.

Өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерге 10 мүнөттө жетип барган, дагы 10 мүнөт ичинде жалынды чектеген.

Дагы бир адамдын өмүрүн алган кырсык Баткендин Сүлүктү шаарында болгон. Турак-жайдан чыккан өрттөн элүү алты жаштагы киши ажал тапты. Ал күйүп кеткен. Тилсиз жоонун себеби такталууда.

Өткөн суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бишкекте “Алай” чайканасы өрттөнүп кетти. Чатыры, 90 чарчы метр ашканасы жана сөрүлөр күлгө айланды.

Кыш келери менен Кыргызстанда өрт кырсыктары көбөйөт. Башкы себеп – тургундардын электр жабдууларын колдонууда эрежелерди сактабашы, колдо жасалган коопсуз жылыткычтарды колдонушу.

Иллюстративдик сүрөт: Амур инфо

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of