Жээнбеков олимпиада жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырды

Мамлекет ар дайым жеңишке умтулган спортсмендерди колдойт.

Мындай пикирин бүгүн, 17-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков жайкы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүнө жана машыктыруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты.

Мамлекет башчысы эки ай мурда кыргызстандык спортсмендер жеңиш менен келгенин сыймыктануу менен айтып, ыраазычылыгын билдирди.

20 спортчубуз байгелүү орундар менен Кыргызстанга келди. Бөтөн мамлекетте өлкөбүздүн Гимни жаңырып, Туусу желбиреди. Биринчи жолу күчтүү атаандаштыктагы таймашта 45 мамлекетин ичинен 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медаль алышты. Сиздердин жеңиш менен жалпы кыргызстандыктар сыймыктанат”,-деди өлкө башчысы.

Күн мурун мамлекет башчысы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн, алардын машыктыруучуларын сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of