Алтын өндүрүү азайды

Кыргызстан  тогуз ай ичинде 12,2 тонна алтын өндүргөн.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасы Алымбек Орозбеков маалымат жыйынында билдиргендей, бул көлөм өткөн жылга караганда 586 килого аз.

Маалыматка ылайык,  “Кумтөр” ишканасы 9,5 тонна алтын өндүрүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 тоннага аз болгон.

Комитеттин төрагасы Орозбеков билдиргендей, өлкөдө алтын өндүрүү “Кумтөрдөн” көз каранды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тогуз алтын кени иштетилип жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика