Балдарды үйдө жеке окутуу маселеси чечилди

Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу документке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, аталган документ ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же катуу ооруга кабылган мектеп жашындагы балдардын билим берүү менен камтылышын кеңейтүү максатында кабыл алынган.

Балдарды үйдө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө аталган жобо ден соолугу боюнча жеке окутууга муктаж болгон балдар үчүн билим берүү процессин үйдө уюштуруу тартибин аныктайт.

Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү же оорунун катуу формасы менен ооруган балдардын категориясына кирген 7ден 18 жашка чейинки 1-11-класстын окуучулары үчүн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.

Расмий маалымат боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 30 миңге чукул.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика