Бишкек-Ош унаа жолунда куткаруучулар нөөмөттө турушат

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа тыгындарын болтурбоо, айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында, жолдун 129-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) 1 даана УРАЛ унаасы, 154-чакырымында (ФАП) 6 куткаруучу нөөмөттө турушат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында (Итагар станциясы) КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 2 куткаруучу 1 даана КамАЗ унаасы менен нөөмөттө турушат.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика