Депутат: кырсык көп катталган жолдордун боюндагы ооруканаларда шарт жок

Кара-Балта жана Токмок аймактык ооруканаларында медициналык жабдуулар жетишсиз. А бул мекемелер жол кырсыктары көп катталган Бишкек-Ош жана Бишкек-Ысык-Көл жолунда жайгашкан. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева бүгүн Жогорку Кеңеште маселе көтөрдү.

Эл өкүлүнүн айтымында аталган ооруканалар биринчи кезекте өпкөнү итенсивдүү вентиляциялоо жабдууларына муктаж.

“Бул жабдуулар анчейин деле кымбат эмес. Өкмөт ушуга көңүл бурушу керек. Буга кошо Токмок ооруканасынын ремонту начар. Бюджеттен 2 млн сом берип коюшат экен. А ал каражат эч нерсеге жетпейт”, – деди Сурабалдиева.

Кыргызстанда өткөн жылы жол кырсыктарынан миңдей адам мерт кеттип, 6 миңдейи жаракат алган. Кырсыктардын көбү Ош-Бишкек жолунда катталат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика