Депутат сааттын жебесин артка жылдырууну сунуштады

0

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Закир Шарапов саатты артка жылдыруу сунушун айтты.

Эл өкүлү муну эрте менен балдар үчүн ойгонуу кыйын болуп жатканы менен тушүндүрдү.

“Кээ бир үч мөөнөт менен окуткан мектептерде сабак 7:30да башталат. Балдар эрте тургандыктан уйкусу канбай жатат. Ошол эле учурда айдоочулар үчүн да кыйын болууда. Андыктан саатты артка жылдыруу боюнча чечим кабыл алуу керек”,-деди эл өкүлү.

Кыргызстанда 1997-жылы өкмөттүн токтому менен жайкы жана кышкы мезгил алмашканда саат жебесин бир саатка алдыга жана артка жылдыруу менен ишке ашырылып келген. Кийин бул өнөктүк алынып салынган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of