Эки министрдин милдетин статс-катчылар аткарат

Социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектөө Каныбек Абдиевге жүктөлсө, Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин Бакытбек Секимов аткарат.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Министрлердин милдетин аткаруучулар буга чейин аталган буга чейин статс-катчы кызматын аркалап келишкен.

Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова бир топ чуулгандуу иштерден соң кызматынан кеткен.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов оорудан улам каза болгон.

Ал эми жаңы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду өкмөт башчы жамаатка тааныштырууга үлгүрдү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика