Галстуктар президент кожоюндары тууралуу эмнени айтып берет?

18-октябрь – Галстук күнү. Майрам Хорватияда пайда болгон. 

Галстуктун түсү кожоюну тууралуу көп маалыматты айтып бере алат дешет психологдор жана стилисттер. Биз Кыргызстандын төрт президентинин галстуктары эмнеден кабар берерине кызыктык.

Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев көбүнчө жол-жол түшкөн галстуктарды тагынары байкалат. Тунгуч ажо майда чекиттери бар аксессуарга да басым жасайт.

Жол-жол түшкөн галстук – ийгиликтүү ишкердин белгиси. Мындай адамдар ишенимдүү, мээримдүү келет, бирок үй-бүлөгө убакыт аз бөлөт.

Ал эми майда чекиттери бар  галстуктарды чынчыл жана максатка умтулгандар тандайт. Аксессуардагы тоголокчолор канчалык чоң болсо, кожоюну ошончолук бат тил табышып кетчүлөрдөн.

Мындай сапаттар Акаев менен Бакиевде барбы?

Бир кезде тилектеш болгон  Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков ток кызыл жана ачык көк түстөгү галстуктарды көп тагынышат.  Ток кызыл түстөгү галстукту өзүнө өтө ишенген, олуттуу, токтоо жана ак ниет эркектер тандайт. Жумушта  талапты катуу коюшканы менен, сүйүүгө туруксуз келишет. Ооо, анан да ток кызыл галстук ээлери алтымыштан ашса да, чыныгы ловеластар болушат дейт го. Бирок биздин акыркы эки президент жубайлары менен сонун ээрчишип жүрүшөт 🙂

Көк түс – ачыктыктын, ак ниеттиктин белгиси. Муну ийгиликтүү, өтө интеллектуалдуу эркектер тандайт. Митаамдыгы жок, түптүз болушат. Жан дүйнөсү тынч, кээде жалгыздыкты да жактырышат. Адилеттүүлүктү туу тутуп, жаш балдарды өтө жакшы көрүшөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика