Казакстан арзан бензин экспорттоого даяр. Кыргыз өкмөтү эмнени ойлонуп жатат?

Казакстан 1 млн тоннага чейин күйүүчү майды бажы алымдарысыз Кыргызстанга жеткирип берүүгө даяр. Бул ишке ашса, өлкөдө бензин баасы байкаларлык арзандамак. Бирок кыргыз өкмөтү  сунушту ойлонуп көрөбүз деп убакытты создуктурууда. Мындай нааразылыгын депутат Исхак Пирматов шейшембидеги комитеттик жыйында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн бирден бир максаты – күйүүчү майлар үчүн Казакстан менен бирдей бааны камсыздоо. Бирок үч жылдан бери  өлкөдө бензин наркы кошуналарга караганда 10-15 сомго кымбат бойдон калууда.

“Казакстандын өкмөтү Кыргызстанга кат жолдоп, күйүүчү майды экспорттого даяр экенин билдирген. Орусия менен макулдашуу боюнча процедуралардын баары бүттү, бирок КР Өкмөтү ойлонууга бир апта сурады деп ММКлар жазып жатат. Казакстан өзү биринчи кадам жасап жатса, силер эмнени ойлонуп жатасыңар?” – деп суроо салды Пирматов.

Жыйынга катышкан экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров депутаттын суроосуна жооп бере алган жок.  Ал бул маселе боюнча Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети алектенерин айтты.

Пирматов күйүүчү май көйгөйүн бүгүн, 18-октябрда  парламентте көтөрдү. Бул жолу да депутаттын суроолоруна Эльдар Алишеров “так маалыматым жок” деген жообун берди.

“Калыс Медиа”  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен байланышууга аракет кылып жатат. Маалымат жакын арада жарыяланат.

Эскертип өтөлү, Казакстан бир нече себептерден улам бензинди экспорттоого 2008-жылы чектөө киргизген. Ал маалда кошуна өлкөнүн ички муктаждыкты канааттандырууга чамасы жетпей, дефицитти Орусиянын жардамында жаап турган. Москва 2012-жылы “Казакстан Орусиядан күйүүчү майды сатып ала берет, бирок экспорттобойт” деп шарт койгон. Эки өлкө келишимдин ушул шартын 2018-жылдын октябрь айынын башында жокко чыгарып, Казакстан бензинди сыртка чыгарууга мүмкүндүк алды. Ушул тапта экспортко чыгуу кошуналар үчүн өтө маанилүү, анткени ички рынокто күйүүчү май кору көп болуп, баа түшүп кетүү коркунучу турат.

Кыргызстан өзүнө керек күйүүчү май көлөмүнүн 80%ын Орусиядан алат, 20%ын жергиликтүү нефтезаводдор чыгарат. ЕАЭБ алкагында күйүүчү май жаатындагы жалпы рынок 2025-жылдан гана ишке кирет. Ага чейин товарды бажы төлөмүсүз ташып кирүү эки тараптуу макулдашуу менен жүзөгө ашат. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 2016-жылдан бери мындай макулдашуу бар. Бирок бензинди Казакстандан импорттоо Кыргызстан үчүн пайдалуу, анткени жакын жайгашкан үчүн жол чыгымы азайт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика