Кеминде жардыргыч заттарды өндүрө турган ишкана ачылды

Жардыргыч заттарды өндүрүүчү “Салют компани” деп аталган кыргыз-кытай ишканасы Кемин районунда ачылды.

Жаңы ишкананын ачылышына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, чет элдик инвестициялардын көпчүлүк бөлүгүн аймактарга жумшалып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бул жылы 121 ишкана ишке киргизилип, миңдегенжумушчу орундар түзүлдү. Жалпысынан  Чүйдө – 19, Нарында – 17, Ысык-Көлдө – 21, Жалал-Абад аймагында – 20, Ош облусунда – 25, Баткен облусунда – 15 жана Талас облусунда 2 ишкана ишке кирген.

«Мындан тышкары, 150 социалдык объект – мектептер, ооруканалар жана спорттук залдар ишке берилди. 2018-жылдын планына 143,4 км. жолду асфальттоо, ремонттоо иштери киргизилген. Өкмөттүн чечими аркылуу бардык аймактар боюнча дагы кошумча 111,6 км. жол республикалык бюджеттен капиталдык салымдар беренеси боюнча киргизилди. Учурда 171,8 км. жолдогу иштер жыйынтыкталды», – деп маалымат берди өкмөт башчы Абылгазиев.

Завод жаңы технологиялар менен салынып, өлкөдөгү аммонит чыгарган жападан жалгыз завод болуп саналат. Негизинен тоо кен өнөр жайы ишканалары, жол куруу, жогорку вольттуу электр линияларын тургузуу үчүн керектүү заттарды  өндүрөт. Буга чейин өлкө кымбат баада бул каражаттарды импорттоп келген.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 000 тоннаны түзүп, 60 жергиликтүү тургун иш менен камсыз болгон. Жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 150 млн. сом төлөйт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика