Коррупцияны айыптап чыккан маалымат катчы кайрадан жумушуна орношту

Өзү иштеген мекемедеги коррупцияны ачыктаганы үчүн кызматынан мыйзамсыз алынды делген Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева эртең, 19-октябрдан тарта кайрадан мурдагы ордунда иштей турган болду.

Бул тууралуу Анара Мамбекталиева өзү билдирди.

Ал инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушев менен жолугушкан.

Өткөн айда мекеменин маалымат катчысы Анара Мамбекталиева ал жерде коррупция менен күрөшөм деп иштен негизсиз алынганын айтып, преиздент Соорой Жээнбековго кайрылган.

Бул маселе коопсуздук кеңешинде каралып, коррупцияга катыштыгы бар үч кызматкерге чара көрүлгөн.

Мекеме Мамбеталиеванын кызматтан алынышы мыйзамда тыюу салынганына карабай, мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен түшүндүргөн.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика