Мамэкотехинспекция: статс-катчы кетип, басма сөз катчы келди

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков кызматынан бошотулду.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, ал иштен кетүү жөнүндө арыз жазган. Асылбеков мекеменин басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупция үчүн айыптап чыккан үч чиновниктин бири.

Президентке видео кайрылуу жолдоп, кызматынан негизсиз алынды делген басма сөз катчынын билдирүүсүн Коопсуздук кеңеши иликтеп чыккан.

Ага ылайык, ысымы аталган үч атка минердин ээлеген кызматына ылайык же ылайык эместигин текшерүүнү сунуштаган.

Эртең, 19-октябрда тарта Анара Мамбеталиева кайрадан мурдагы ордунда иштей турган болгону маалым болду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of