Момбеков: “Коопсуз шаарга” жооптуу Шаршембиевдин тогуз кылмыш иши бар

“Коопсуз шаар” боюнча тендердин бир нече жолу үзгүлтүккө учурашынын бир эле себеби бар. Бул – жемкорлук. Ушундай пикирин депутат Рыскелди Момбеков бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди.

Эл өкүлү долбоорду ишке ашыруу жоопкерчилигин өкмөт татыксыз адиске жүктөп койгонун да сынга алды.  Анын айтымында Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин 9 кылмыш ишине тиешеси бар.

“Комитетке талапкер көрсөтүлгөндө эле айткам, беш кылмыш иши бар адамды жооптуу кызматка дайындап жатасыз деп. Бирок өкмөт башчы муну “ушак” деген. Мен азыр эле маалымат алдым – Бакыт Шаршембиевдин тогуз кылмыш иши бар экен”, – деди Момбеков.

Депутат  “Коопсуз шаарды” ишке ашыруучу компания менен өкмөт ортосунда түзүлчү келишим шарттарын да сындады. Видеону көрүңүз.

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорун 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү баштаган. Ал ортодо жыл сайын жол кырсыктарынан миңден ашык адам ажал табууда.

 

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика