Ош: Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Жаныбарым Гүлсары” аталышында ат оюндары өтөт

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында 2-3-ноябрь күндөрү Ош шаарында республикалык деңгээлде “Ош-Чынгыз Айтматовдун тагдырында” аталышында салтанаттуу маараке өтөт. Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Шаардын борбордук аянтында “90 жылдыкка 90 көркөм өнөр” аталышындагы Ош шаары жана Ош облусунун көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү уюштурулат. Борбордук аянтка боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, айыл-чарба жарманкеси өтөт.

Ал эми ОУДТда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана ЖОЖдор тарабынан Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган окуу-усулдук колдонмолордун, тарбиялык иштердин, илимий, практикалык иштердин, жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланышкан китептердин көргөзмөсү болот.

Ошол эле драма театрда Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдаштырылган эскерүү кечеси уюштурулуп, анда жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына байланышкан документалдуу фильм көрсөтүлөт.

Ош облустук ат майданында «Жаныбарым Гүлсары” аттуу улуттук «Көк бөрү», «Ат чабыш», «Кыз куумай», « Жорго салыш» оюндары боюнча мелдештер өтөт.

Ат оюндарынын финалдык бөлүгү 3-ноябрь күнү болот.

Мааракени Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Ош шаарынын мэриясы биргеликте уюштурат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика