Сокулукта өрттөн эки аял каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Бүгүн таңга жуук Сокулуктун Жаңы-Жер айылында турак-жайда өрт чыккан. Кырсыктан 73 жана 42 жаштагы эки аял мерт кетти деп билдиришти ӨКМден.

Өрт өчүрүүчүлөр тутанган үйгө беш мүнөттө жетип барып, дагы беш мүнөт ичинде жалынды чектеген. Ал эми өрттү толук өчүрүүгө беш сааттай убакыт керек болду. Азыр кырсыктын себептери такталууда.

Өткөн суткада өлкө боюнча 14 өрт кырсыгы катталды, анын ичинде 2 автоунаа күйгөн. Тилсиз жоо негизинен электр жабдууларын туура эмес куроодон чыккан.

Шейшембиден шаргембиге караган түнү жалын эки адамдын өмүрүн жалмаган эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика