Өзгөндө жардыруу  үчүн даярдалган куралдар табылды

Ош облусунун Өзгөн районунда жардыруучу зат,ок атуучу куралдар жана ок дарылар табылды.  Террордук акт үчүн даярдалган бул каражаттар Сирияга барып келген бир тууган ага-иниге таандык экени аныкталды.

Ош ОИИБден билдиришкендей, ок-дарылар 18-октябрда табылган:

– 1  даана РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы;

–   2 даана тротил шашкасы;

–   17 даана 7,62 Калашников автоматынын октору;

– 1 даана 16-калибриндеги 7,62 огуна ылайыкташтырылып колдо жасалган ок атуучу курал;

– 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү, оптика жасалгасы менен ок атуучу курал.

Жардыруучу зат жана ок атуучу курал-жарактарды Өзгөн шаарынын тургундары  – бир туугандар С.Б. жана С.Р. Алар 43 жана 39 жашта.

“Аталган жарандар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы адамдардын алдыңкы катарында болушкан”, – дешти милициядан.

Мындан сырткары бир туугандар Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук уюмдун активдүү мүчөсү Мухтаров Сиражиддин Зиявудинович( каймана аты “Абусалох”) менен тыгыз байланышы болгондугу жана Сирияда согуштук аракеттерге катышып, андагы топтун биринин лидери экендиги айкын болду.

“Бул жарандардын жүргөн жерин тактап жоопкерчиликке тартуу боюнча эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп жатат”, – деп кошумчалашты Ош ОИИБден.

Далил буюмдар боюнча Ош ОИИБнын Тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, криминалисттик экспертизалар дайындалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика