“Алай” балким кубокту утмак. Калыстардын катасы – видеофакт

"Алай" футболчусу офсайд абалында болгон эмес

6-октябрда футбол боюнча Кыргызстан Кубогунун финалында Бишкектин “Дордой” жана Оштун “Алай” командалары беттешкен. Оюнга Рысбек Шекербековдун калыстар тобу башчы болду. Ага канаттан Бахадыр Кочкоров жардам берген.

Беттештин 56-мүнөтүндө (анда эсеп 1:1 эле) “Алай” оң канаттан чабуул уюштуруп, Элдияр Сардарбеков Инкум Келвинге топ узатат. Андан ары “Алайдын” чабуулчусу гол киргизип, эсепти 2:1ге жеткирген. Бирок канат калысы Бахадыр Кочкоровдун оюндан сырткаркы  абалды каттап, Рысбек Шекербеков киргизилген голду жокко чыгарган.

“Калыс Медиа” чынында ал учурда “Алай” чабуулчусу офсайд абалында болбогонун далилдейт. Беттешин видеосун карасак, ал мезгилде канат калысы Бахадыр Кочкоров өтө чоң ката кетирген. Анткени, Инкум Келвин топ ашырылып жаткан кезде офсайд абалында болгон эмес. “Дордой” коргоочусу Даниель Тего өз дарбазасына бир метрдей жакын болгон.

Өздөрүнүн туура эмес чечими менен Рысбек Шекербеков жана Бахадыр Кочкоров “Алайдан” жеңишти тартып алган. Эгер ал гол эсептелсе, өлкө чемпиону 2:1 эсебинде алдыга чыгып жеңишти алып кетмек.

Бишкекте өткөн оюн 3:2 эсебинде “Дордойдун” жеңиши менен аяктаган.

Эскерте кетсек, Рысбек Шекербеков ушул жылдын жай айында оюнду туура эмес башкарганы үчүн бир ай калыстыктан четтетилген болчу.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика