Базарбаев кайрадан министр болобу?

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына үч талапкерди сунуштады.

Маалыматка ылайык, талапкердин аты-жөнү өкмөткө жиберилди.

Алар Кыялбек Мукашев, Бактыбек Кудайбердиев жана Кудайберген Базарбаев.

Үч талапкер тең буга чейин социалдык өнүктүрүү тармагында иштеген.

Мыйзам боюнча өкмөт министр кызматтан кеткенден кийин ордуна башкаталапкерди беш күндүн ичинде сунушташы керек.

Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын үч орун басары тең чуулгандуу окуядан кийин кызматынан кеткен. Буга алардын чет өлкө уруксатсыз чыкканы, диппаспортту мыйзамсыз колдонгону себеп болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of