«Үч жарык» командасы Орусиядан олжолуу келди

Орусиянын Анапа шаарында өткөн сынакта биринчи орунду жеңип алышкан Ноокат районунун К.Бобулов атындагы «Баргы» орто мектебинин 6-классынын окуучуларынан түзүлгөн «Үч жарык» командасын Ош аэропортунан тосуп алышты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдиргендей, эл аралык мелдешке КМШ өлкөлөрүнүн арасында 49 команда катышкан.

Жеңүүчүлөрдү Ош аба майданында Ош ОИИБнын Жол кыймылынын камсыздоо кызматы, Ош облустук администрациясы жана алардын ата-энелери, туугандары күтүп алышты.

Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү өздөрүнүн активдүүлүгү менен бардык жол кыймылынын эрежелерин жакшы билгендигин далилдешип, андан сырткары «Манас» эпосун орус тилинде айтышып өзгөчөлүгүн көрсөтүшүп, алдыңкы орунга ээ болушкан.

«Үч жарык» командасын Ош ОИИБнын Жол кыймылынын коопсуздук кызматы тарабынан 2004-жылы түзүлгөн.

Таймаш 5-октябрдан 14-октябрга чейин Орусиянын Краснодар крайындагы Анапа шаарында
өткөн.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика